Биз менен байланышыңыз

АКШда эки кыргызстандык жигит жол кырсыктан каза тапты

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 485 | 0

АКШда эки кыргызстандык жигит жол кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу Пенсильвания штатынын полициясы билдиргенин Action news сайты жазды.

Кырсык кечээ, 3-мартта Филадельфия шаарында болгон. Чоң жолдо үч унаа кагышып, кырсыктан 20 жаштагы жана 21 жаштагы эки жигит көз жумган.

Каза болгон жигиттер кыргызстандык Актилек (2002-жылы туулган) жана Төлөбек (2003-жылы туулган) экенин айтышып,  gofundme.com сайтында маркумдардын сөөгүн Мекенине жөнөтүү үчүн каражат чогултууга жардам сураган билдирүү жарыяланды.

Алардын маалыматына караганда, каршы тилкеге чыккан айдоочу мас болгон.

Учурда кырсыктын кесепетин Пенсильвания полициясы иликтеп жатат.

Жол кырсыктан каза тапкандар кыргызстандык жигиттер экенин Тышкы иштер министрлиги да тастыктаган билдирүү жөнөттү.

«Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол шоссесиндеги кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемеси каза болгон жарандардын өздүгүн аныктады Алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө. Учурда элчилик кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, каза болгондордун сөөгүн Мекенине жеткирүү маселесин карап жатат», — деди министрлик.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM