Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңылыктарын жасалма интеллект окуй баштады

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 118 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинетинин жаңылыктарын мындан ары аудиоформатта угууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматы www.gov.kg расмий сайтына эми текст менен бирге үн жазууларды да жайгаштырууга өттү. Аны жасалма интеллект окуп жатканы белгилүү болду.

Өткөн жылы Өкмөт өзгөчө компьютер сатып алган. Анын аркасында жасалма интеллектке кыргыз тилин таанытуу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдар жасалган.

Учурда мамлекеттик радиодо жаңылыктарды санариптик диктор окуп жатканы айтылды. Аны дагы да өнүктүрүү үчүн кошумча иштер уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM