Биз менен байланышыңыз

«Каракол» аэропортунда курулуштун 80%ы аяктады

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 182 | 0

«Каракол» эл аралык аэропортунда курулуш иштеринин 80%ы аяктап калды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов курулуштун жүрүшү менен таанышты. Жооптуу кызматкерлер аба ырайына байланыштуу иш токтоп турганын, күн жылыса, учуу-конуу тилкесин оңдоо кайра башталарын маалымдашкан.

Маалым болгондой, аэропорттун учуу-конуу тилкеси 3 миң 750 метрге кеңейтилип, Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды сутканын каалаган убагында кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курулуш аяктагандан кийин «Каракол» аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлейт. Деңиз деңгээлинен 1704 метр бийиктикте жайгашкан аэропорт заманбап талаптарга жооп бергидей жасалууда.

«Каракол» аэропортунун курулушу 1971-жылы башталып, 1978-жылы ачылышы жасалган. 2018-жылы «Дубай – Ташкент – Бишкек – Каракол» чартердик каттамы аркылуу учуп келген RJ учагы кондурулган. Андан кийин аэропорт ишин токтоткон.

2022-жылдын 7-майында Президент Садыр Жапаров Каракол шаарына иш сапар менен барып, аэропортту оңдоо тапшырмасын берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM