Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы балдар ооруканасына жаңы имарат салынды

Кыска кабар | 3 Мар 2024 | 151 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аземге министр Алымкадыр Бейшеналиев, Жалал-Абад облусунун, шаарынын жетекчилери катышты.

«Бүгүн биз облустук балдар ооруканасынын ачылышына күбө болуп отурабыз. Жалал-Абад облусунда 1 миллион 300 миң адам жашаса, алардын 48 миң 786сы 14 жашка чейинки балдар. Бул заманбап имарат жана жабдуулар балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берерине  ишенем», — деди министр.

Балдар ооруканасынын жаңы имараты 2022-жылы салына баштаган. Курулуш иштерин «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду каржылаган.

Имаратта 25 орундуу хирургиялык бөлүм, 20 орундуу травматологиялык бөлүм жана жеңил дартка чалдыккан балдарды караган бөлүм бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM