Биз менен байланышыңыз

Мыйзам долбоор: Ишкерге бут тоскон чиновниктер 2,5 млн сом айып төлөйт

Кыска кабар | 3 Мар 2024 | 180 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча бир катар сунуштарды демилгелеген мыйзам долбоору Президенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар кодекстерине өзгөртүүлөр-толуктоолор каралган.

Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине (бийлигинен аша чабуу) «мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылуу» бөлүмү кошулган. Ага ылайык, жеке ишкерге бут тоскон (лицензия берүүдөн, каттоодон баш тартуу, ишине мыйзамсыз кийлигишүү сыяктуу) кызматкерлер 500 миң сомдон 1 млн сомго чейин айып төлөйт. Андан тышкары эки жылга чейин кызматка барууга, белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Болбосо эки жылга эркиндигинен ажыратылат.

Ушул эле кылмышты атайын топ жасаса, 1 млн сомдон 2 млн сомго чейин айып салынат. Андан тышкары үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылат же беш жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Эгер ишкер бул кылмыштардан катуу жабыркаса, ошондой эле бул ишти жогорку кызматтагы бийлик өкүлү жасаса, 2 млн сомдон 2 млн 500 миң сомго чейин айып салынат. Андан тышкары үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылат же беш жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Долбоордо Укук бузуулар кодексинин 436-беренесинде каралган ишканаларга мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн, ишкерлердин мыйзамдуу ишине тоскоол болгон кызматкерлерге салына турган айып пулдун өлчөмүн 10 миң сомдон 15 миң сомго көтөрүү сунушталган.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин «электрондук байкоо жүргүзүү» (109-1), «үй камагы» (113), «камакка алуу» беренелерине кылмышка шектелген ишкерлерге көрүлө турган чаралар кошулган.

Copyright © 2017 Maral FM