Connect with us

ӨКМ: 30-38 см калыңдыктагы муз жүк ташуучу унааны көтөрөт

Кыска кабар | 3 Мар 2024 | 275 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги музга жалгыз барбоого, музду тепкилеп ойнобоого чакырат.

Ошондой эле кар жаап жаткан учурда же жаап кеткенден кийин муз теппей турууну сунуштайт. Себеби кар астындагы муздун калыңдыгы белгисиз болот. Кокус жука болсо, басканда жарылып кетиши толук ыктымал. Ал тургай суук катуу болгон учурда да, муз жука болушу мүмкүн. Андан тышкары кар астында адамга көп байкала бербеген жарака-тешиктер болуп калышы ыктымал.

5 см калыңдыктагы муз адамды көтөрө албайт. Ал эми 10 см калыңдыктагы музда балык уулоого болот, бирок муз үстүндө басууга болбойт.

12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход), 20-30 см калыңдыктагы музда жеңил унаа, 30-38 см калыңдыктагы музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.

Айта кетсек, кечээ, 2-мартта Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунан көлмөдө муз тээп жүргөн беш бала сууга түшүп кеткен. Кырсыктан үч бала аман калып, 9 жашар бала менен 11 жаштагы кыз чарчап калган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM