Connect with us

ЖКККББ өспүрүмдөрдү жөө өтмөктөрдөн туура өтүүгө чакырат

Кыска кабар | 2 Мар 2024 | 192 | 0

Өспүрүмдөр менен катышкан жол кырсыктарынын көпчүлүгү жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолууда. Андыктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерден өспүрүмдөрдү жолдо жүрүүдө жөө жүргүнчүлөрдүн эрежелерин сактоону үйрөтүүнү өтүнөт.

«Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарды мектепке чейинки барып келүүчү жолдордогу коопту көчө кесилиштерин жөө өтмөктөрдү белгилеп, алардан өтүү тартибин үйрөтүңүздөр. Ошондой эле жөө өтмөктөрдөн өтүүдө эки жакты карап, унаалардын кыймылы токтогондо гана өтүү керек экендигин, эч кандай уюлдук телефонго алагды болуп же башка нерселер менен алек болбостон, тезирээк өтүп кетүү керек экендигин эскертиңизде», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары башкармалык түнкү убакытта айдоочуларга да көрүнүктүү болуш үчүн, балдарга жарык чагылдыруучу каржаттарды тагып коюну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM