Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында, (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.