Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында «Агро Экспо 2024» көргөзмөсү өтүп жатат

Кыска кабар | 29 Фев 2024 | 190 | 0

Бүгүн Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында» аталышында «Агро Экспо 2024» көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлүүдө.

Көргөзмө-жарманке TES-центр коомдук фонду тарабынан айыл чарбасындагы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, технологияларды жана кызматтарды берүүчүлөрдү дыйкандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM