Биз менен байланышыңыз

Жаш көрүүчүлөр театры коңшу өлкөлөргө чыгармачылык сапар алды

Кыска кабар | 25 Фев 2024 | 107 | 0
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 22-27 -февраль күндөрү коңшу өлкөлөргө чыгармачылык сапар алды. Чыгармачылык иш сапар коңшу өлкөлөрдүн театрлары менен достук мамилени чыңдоо жана тыгыз кызматташууну көздөөдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда,  К.Иманалиевдин «Үмүт»спектакли менен Өзбекстандын жаштар театрында, Каракалпакстан Республикасынын Нукус шаарындагы Жаш тамашагойлер театрында, ал эми, А.Гилязовдун «Үч арыш жер» повестинин негизинде инсценировкаланып жазылган, Л.Молдолиеванын «Жат эмесмин» спектакли менен Алматыдагы Г. Мусрепов атындагы Казак мамлекеттик академиялык балдар жана жаш өспүрүмдөр театрында болушат.
Ошондой эле, чыгармачылык сапардын алкагында КРнын эл артисти Назира Мамбетова жана КРнын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков чыгармачыл жаштар менен жолугушуп, мастер кластарды өткөрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM