Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда ишкер китеп жазганы үчүн эркиндигинен ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 353 | 0

Тажикстандагы «Ибн Сино» тажик-иран клиникасынын директору Абдулхалил Холикзода 6,5 жылга эркиндигинен ажырады. Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Абдухалил Холикзода чуулгандуу «Хаводиси рузгори ман (Жашоомдогу окуялар)» китеби үчүн 2023-жылы 31-августта камакка алынган. Ушул эле күнү китептин редактору Абдукодир Рустам да тергөө абагына киргизилген.

Автор китебинде Тажикстандагы жемкорлук тууралуу, бизнес климаттын начардыгын, маданият, билим берүүдө деңгээл төмөндөп кеткенин жазып, ага бийликти айыптаган. Буга байланыштуу ишкерге «улут, аймак жана дин аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ишкер менен кошо камакка алынган жазуучу, адабий сынчы Абдукодир Рустам да китепке редактор болгону үчүн күнөөлүү деп табылып, 4,5 жылга соттолгон. Ошондой китепти чыгарган «Эр Граф» басма үйүнүн директору Сухроб Ражабзода да бир жылга кесилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM