Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы абакта жаткандардын укугун коргоого чакырды

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 204 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бийлик органдарын абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын укугун коргоого, камактагылардын майыптык макамын алуусуна мүмкүнчүлүк берген документтерди тезинен бүтүрүүгө чакырды.

Акыйкатчы институтуна абакта отурган К.К. аттуу адамдын жубайы арыз жазган. Анын айтымында, соттолуучунун оор жумуш жасоосуна дарыгерлер тыюу салганына карабастан, №43 абактын кызматкерлери кара жумушка жөнөтүшкөн.

Соттолуучу К.К.дан кургак учуктун жабык түрү аныкталып, дарыгерлер өпкөсүнүн бир бөлүгүн кесип салышкан. Андан кийин ага «кара жумушка жараксыз» деген маалымкат жазып беришип, №43 абакка кайра жөнөтүшкөн. Кайтып баргандан кийин түрмө кызматкерлери аны курулуш иштерин жасоого мажбурлашкан.

Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине кайрылуу жолдогон. Каттын негизинде соттолуучу К.К. кара жумуштан бошотулуп, аны мажбурлап иштеткен түрмө кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Акыйкатчы мындай көрүнүш абак жайларында жаткандардын майыптык макамын алуусуна мүмкүнчүлүк берген документтердин жоктугунан болуп жатканын белгилеп, мамлекеттик органдардан бул жааттагы көйгөйлөргө көңүл бурууну талап кылды.

«Абакта жазасын өтөп жаткан жарандын укугу биринчи кезекте эркиндигинен ажыратуу жайларында майыптыгын тааныган тиешелүү ченемдин жоктугунан бузулган. 2020-жылы Акыйкатчы институту тарабынан КРда медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунуш берилген. Бул ченемдер кабыл алынганда, К.К. аттуу соттолуучу кара жумушка тартылмак эмес», — деди Жамиля Жаманбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM