Биз менен байланышыңыз

Навальныйдын өлүмү: АКШ Орусияга жаңы санкцияларды салды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 347 | 0

АКШ Орусияга дагы санкция салганын, ал бүгүн, 23-февралда күчүнө киргенин АКШ финансы министринин орун басары Уолли Адейемо жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыялады.

Маалыматка караганда, АКШ Орусиянын Украинага кол салганынын эки жылдыгына карата жаңы санкциялар топтомун даярдап жаткан.

Ортодо орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын абакта каза тапканы жарыялангандан кийин анын өлүмү да себеп катары кошулган.

Санкциялар 500дөн ашуун жеке жана юридикалык жактарды камтып, көбүнчө Орусия менен аскердик-техникалык өнөктөштүктө болуп келген башка өлкөлөрдүн компанияларына салынган.

Бул Орусияга салынган санкциялар топтомунун акыркысы болуп саналары айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM