Connect with us

УКМК камаган министрдин орун басары кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 222 | 0

УКМК камакка алган министрдин орун басары Улан Чаначев кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону Өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Улан Чаначев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматына 2023-жылдын 31-майында дайындалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 21-февралда Улан Чаначевдин тергөө абагына камакка алынганын кабарлаган.

Министрликтин жетекчилигине «мамлекеттик сатып алуулар үчүн бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз сарптаган» деген айып коюлганы, анын алкагында министрдин орун басары кармалганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM