Ош шаарынын №25 тергөө абагындагы «воровского общака» деп аталган топту каржылоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, айтылган топ MBank, Megapay электрондук капчыктарын, «Оптима Банк», «Элкарт РСК Банк» электрондук карталарын үзгүлтүксүз колдонуп жүрүшкөнү аныкталган.
Ал капчыктар, карталар аркылуу «уурулар тобуна (воровской общак)» каржылык колдоо көрсөтүлүп турган. Булардын негизги борбору Бишкек шаарындагы №21 түзөтүү абагы экени тастыкталган. Түшкөн акчалардын көбү абактагылар арасында баңгизат сатып алууга жумшалган.
Которулган акчалардан абак кызматкерлери «үлүш» алып турушкан. Иликтөөдө 2012-жылдын 31-июлунан 2023-жылдын 4-сентябрына чейинки мезгилде №25 тергөө абагындагы «уурулар тобуна» 18 млн сомдон ашык акча которулганы далилденген. Мунун ичинен айына 200-300 миң сому Бишкектеги №21 абакта отургандарга которулуп келген. Бул «грев» деп аталган иш менен өлкөдөгү башка абактар да алектенери маалым болгон.
Иликтөөнүн натыйжасында 1978-жылы туулган Б.М.нын Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин картасын колдонуу аркылуу Камчы Көлбаевдин тобун каржылап келгени аныкталган. Ал кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.