Биз менен байланышыңыз

Статистика: Жигиттердин басымдуу бөлүгү 20-29 жашта үй-бүлө курат

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 241 | 0

Улуттук статистика комитети 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата статистикалык маалыматтарды жарыялады.

Кыргызстан калкынын 49,5%ын эркектер түзөт. 2024-жылдын башында өлкөдө 3,5 млн эркек бар экени белгиленген.

Эркектердин үчтөн экиси айылдарда жашайт. Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында турат.

Эркектер иштин бардык түрүндө эмгектенишет. Эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин 77%ынын жумуш орду бар. Алардын орточо курагы 38 жаш.

Өлкө экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин курагы 30-34 жашты түзөт.

Негизинен курулуш, транспорт, жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу иштердин басымдуу бөлүгүндө эркектер эмгектенет.

2022-жылы 48 миңге жакын эркек никесин каттаткан. Мунун ичинен 41 миңи биринчи жолу үй-бүлө курган.

Эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Никесин каттаткан ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.

2022-жылы биринчи никесин каттаткан эркектердин орточо курагы 27,9 жаш, ал эми ажырашып, башкага үйлөнгөн эркектердин орточо курагы 34,6 жаш деп эсептелген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM