Биз менен байланышыңыз

Мыйзам: Айрым оор кылмыштарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 252 | 0

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү, түзөтүү киргизген мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 28-декабрында кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, төмөндөгү беренеде каралган кылмыштарга эскирип кетүү мөөнөтү колдонулбайт:

  • 209-берененин 3-4-бөлүктөрү (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);
  • 210-берененин 3-4-бөлүктөрү (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);
  • 215-берененин 3-бөлүгү (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);
  • 336-берене (коррупция).

Ошондой эле кылмыштык жол менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, куугунтукту токтотууга, эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM