Биз менен байланышыңыз

Президент: Бул майрам Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоону эскертип турат

Кыска кабар | 23 Фев 2024 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү менен өлкө калкын куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул майрам ата-бабаларыбыз мурас калтырган Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо, аздектеп сыйлоо милдетибизди эскертип турарын белгиледи. Ошондой эле тарыхтан кеп козгоп, Улуу Ата Мекендик согушта, Ооганстанда, Баткенде курман болгондорду эскерип турууга үндөдү.

«Кызыл армиянын жоокерлеринин эрдиктери даңкталып, андан кийинки Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун күнү катары жыл сайын бүтүндөй совет элинде кеңири белгиленген бул күнгө сый мамиле кылууну элибиз салт катары улантып келет. Себеби Ата Журту үчүн тикесинен тик турган, мамлекеттин башына мүшкүл түшкөн учурда Мекен чегине чеп болуп коргоп келген ата-бабаларга таазим этилет. Элибиз өз коргоочуларынын баатырдык эрдиктерин таазим этүү менен эскерип, Мекен үчүн жанын бергендердин жаркын элесин эч качан унутпайт», — деди президент.

Аны менен катар Кыргызстандын армиясынын күжүрмөн даярдыгы артып жатканын айтып, ааламдашуу доорундагы аңдоосуз чакырыктарга, коркунучтарга даяр болууга чакырык таштады.

Ошондой эле Мекен жүгүн кыз-келиндер да кошо тартышып келерин белгилеп, аларды да куттуктап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM