Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун директорунун орун басары менен бөлүм башчысы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматта мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондундагы каражаттардын пайдаланылышы текшерилип жатканы айтылган.
Натыйжада мекемеде негизсиз акча бөлүү, каражатты максатсыз пайдалануу аныкталып, ал аймактагы экономикалык өнүгүүгө терс таасир эткен.
«Мисалы, Балыкчы шаарындагы бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 миллион сомду түзөт», — деди УКМКнын басма сөз кызматы.
Топтолгон материалдардын негизинде бул ишке шектүү катары директордун орун басары К. Р. А. менен бөлүм башчысы У. Т.У кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалган.
Учурда фондго текшерүү уланып жатканы белгилүү болду.