Биз менен байланышыңыз

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объекти буздурулду

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 290 | 0

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объекти буздурулуп, жери мурдагы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Баткен аймактык бөлүмү мамлекет башчысынын жарлыгынын негизинде Кызыл-Кыя шаарына, Баткендин Үч-Коргон айыл аймагына текшерүү жүргүзгөн.

Иштин жыйынтыгында Кызыл-Кыяда 3 объектинин, Үч-Коргон айыл аймагында 27 объектинин мыйзамсыз салынганы аныкталган. Андан тышкары 53 объектинин ээсине эскертүү берилген. Булардын ичинен 18 материал Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы ушул жылдын январь айында республика боюнча 31 текшерүү жүргүзүп, натыйжада 138 миң 575 сомго доо коюп, 486 миң сом айып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM