Connect with us

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар кармалды (видео)

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 210 | 0

Бишкекте кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айта кетсек, кумар оюндарын лицензия албастан уюштурууга жана өткөрүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган.

УКМК маалымдагандай, бир топ адам Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, өткөрүү үчүн ар кандай имараттарды ижарага алып келишкен.

Бул иштин алкагында Бишкек шаарында тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 48 адам кармалган. Алардын арасында кумар оюндарын мыйзамсыз уюштургандар да болгон.

Тергөө, суракка алуу иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун башчысы А. О. Б. камакка алынган.

Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштургандар Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине ылайык 3 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM