Connect with us

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салыктан качууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 285 | 0

УКМК «Беш-Сары» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын кабарлады.

Мурдагы депутат кечээ, 21-февралда салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка айыпталып камакка алынган.

УКМКнын маалыматында «Беш-Сарынын» администрациясынан кош бухгалтердик эсеп жүргүзүү, ижара акыны келишимде көрсөтүлгөн суммадан эки эсе кымбат алуу, ал сумманы салык органдарына эки эсе азайтып көрсөтүү фактылары аныкталганы айтылган.

«Иш жүзүндө ижарачы «Беш Сары» ЖЧКнын администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчёттук документтерде 4800 сом көрсөтүлгөн, б.а. алынган пайданы төмөндөтүү 280% га жакынды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

«Беш-Сары» ЖЧКсы «Ош» базардын аймагындагы эки соода үйүнө ээлик кылат, ошондой эле көмүр сатуу менен да алектенет.

Copyright © 2017 Maral FM