Connect with us

Кыргызстандын 17 окуучусу Британ олимпиадасында медаль алды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 442 | 0
Британ олимпиадасында алтын медаль алган үч окуучу

Биология боюнча британ олимпиадасында (British Biology Olympiad 2024) Кыргызстандын 17 окуучусу медаль жеңип алышты. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.

Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн миңден ашуун мектебинен 15 миңден ашык окуучу катышкан. Алардын катарында Кыргызстандан 116 окуучу билимин сынаган.

116 окуучунун алтоо алтын, алтоо күмүш, бешөө коло медаль тагынган. Медаль алгандардын ичинен 12си «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары экенин аталган мекемеден кабарлашты.

Алтын медаль алгандар:

  1. Данияр Гаипов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс;
  2. Арген Ишеналиев, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясы, 11-класс;
  3. Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи, 11-класс;
  4. Нурсултан Увалиев, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класс;
  5. Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи, 9-класс;
  6. Байзак Карыпжанов, «Манас-Ата» Талас лицейи, 11-класс;

Күмүш медаль алгандар:

  1. Рахман Марат уулу, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс;
  2. Айбийке Базарбаева, Бишкек шаарындагы United World International School мектеби, 11-клас;
  3. Дамир Мажунов, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;
  4. Али Эшматов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 11-класс;
  5. Өмүрбек Русланбеков, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;
  6. Алихан Жуссипахмет, Бишкек шаарындагы QSI эл аралык мектеби, 9-класс;

Коло медаль алгандар:

  1. Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School мектеби, 10-класс;
  2. Элхан Акимов, Жайыл баатыр атындагы лицей, 9-класс;
  3. Мелита Самиева, «Айчүрөк» Бишкек кыздар лицейи, 11-класс;
  4. Мухтадил Хамитжанов, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 9-класс;
  5. Алмамбет Абдылдаев, Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы, 11-класс.

Copyright © 2017 Maral FM