Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салган токтом талкууга чыкты

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 271 | 0

«Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген долбоор коомдук талкууга коюлду.

Айта кетсек, оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салган мыйзам 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алынып, ошол эле жылдын 23-сентябрында жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бекиткен токтом чыккан.

Учурда бул токтомго оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга да, жүк ташууга да тыюу салган ченем киргизилген. Андан тышкары унааларга ылдамдыкты 60 же 90 км/сааттан ашырбаган жабдуу (ЫЧТ) орнотуу каралган.

Токтом долбоор коомдук талкууда 18-мартка чейин турат.

Оң рулдуу унааларга тыюу салган мыйзамдар, токтомдор көп жолу жазылганы менен ал кагаз жүзүндө гана калып келет. Бул жаатта бир канча ирет нааразылык акциялары да өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM