Биз менен байланышыңыз

Кесиптик-техникалык окуу жайлар арасында чемпионат өтүп жатат

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 104 | 0

Бүгүн, 20-февралда кесиптик-техникалык окуу жайлардын улуттук чемпионатынын ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионатты WorldSkills International эл аралык бирикмесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган. Ачылышка Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Чемпионат 22-февралга чейин уланып, анда ширетүүчүлүк, ашпоздук, мода технологиясы боюнча сынактар уюштурулат. Кыргызстандан чемпион болгон команда ушул жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдешке барууга мүмкүнчүлүк алат.

Белгилей кетсек, WorldSkills International – эл аралык ассоциация катары жумушчу кесиптерди өнүктүрүү, кесиптик даярдоонун макамын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келет. Бул мелдешке Кыргызстан алгачкы жолу катышып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM