Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи жылуулук басымын акырындан көтөрүп жатат

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 200 | 0

Бишкек ЖЭБи жылуулук басымын акырындан көтөрүүгө өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бүгүн, 20-февралга карата ЖЭБдеги жылуулуктун басымы 280 МВт жүктөмгө көтөрүлүп, үйлөрдөгү температура +18 градус, ал эми ысык суунун температурасы +56 градус болууда.

Энергетика министрлиги эгерде үйдөгү жылуулук 18 градустан төмөн болуп жатса, «Бишкек жылуулук тармагынын» колл-борборуна кайрылууга чакырат.

Шаар тургундарын жылуулук менен камсыздоо жаатында 14 бригада тынымсыз иш алып барып жатканы айтылды.

Айта кетсек, 2-февралда түнкү 3:00 чамасында Бишкек ЖЭБинин 14-отканасында авария болуп, беш жумушчу өрткө кабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM