Бишкек ЖЭБи жылуулук басымын акырындан көтөрүүгө өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Бүгүн, 20-февралга карата ЖЭБдеги жылуулуктун басымы 280 МВт жүктөмгө көтөрүлүп, үйлөрдөгү температура +18 градус, ал эми ысык суунун температурасы +56 градус болууда.
Энергетика министрлиги эгерде үйдөгү жылуулук 18 градустан төмөн болуп жатса, «Бишкек жылуулук тармагынын» колл-борборуна кайрылууга чакырат.
Шаар тургундарын жылуулук менен камсыздоо жаатында 14 бригада тынымсыз иш алып барып жатканы айтылды.
Айта кетсек, 2-февралда түнкү 3:00 чамасында Бишкек ЖЭБинин 14-отканасында авария болуп, беш жумушчу өрткө кабылган.