Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жер тилкесине мунапыс алууну каалагандарды каттоо уланууда

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 150 | 0

Бишкек шаарында жер мунапысына кирген турак жайларга арыздарды кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Биринчи май районундагы жарандардын тизмеси такталганы маалым болду. Калган райондор боюнча да тактоо жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Турак жайына же жер тилкесине жеке менчик укугун алууну каалагандар Туңгуч кичирайону, 57 дарегиндеги Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтердин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
  • техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
  • жерди же турак жайды сатып алганын далилдеген документтер (бар болсо);
  • коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү;
  • жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр;
  • ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM