Биз менен байланышыңыз

2024-2028-жылдарда багбандарга 1 млрд 900 млн сом кредит берилет

Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 166 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги «2024-2028-жылдарга карата багбанчылыкты өнүктүрүү» программасын жазып чыкты.

Программанын стратегиялык максаты мөмө-жемишти калкка жетиштүү көлөмдө камсыздоо, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүү, ички-тышкы атаандаштыкка туруштук берүү болуп саналары айтылган.

Анын алкагында заманбап ыкмаларды колдонууну жайылтууга, питомниктерди өнүктүрүүгө, соода-логистикалык борборлорду, мөмө-жемишти узакка сактоо үчүн кампаларды курууга, муздаткыч орнотууга басым жасалат.

Айтылган жылдар аралыгында багбанчылык жаатында төмөнкүдөй иштерди аткаруу мерчемделген:

  • 14 көчөткана, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдаланып, 5 мамлекеттик питомник уюштурулат;
  • 25 кооператив түзүлөт;
  • 42,9 миң гектар какыр жер өздөштүрүлөт;
  • ушул тармакта 14 кластер түзүлөт;
  • багбандарга 1 млрд 900 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берилет;
  • багбанчылык багытында 2 соода-логистикалык борбор курулат.

Программа менен толук koomtalkuu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM