Биз менен байланышыңыз

Орусия: Навальныйдын жесири маркум күйөөсүнүн ишин улантарын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2024 | 307 | 0

Орусиядагы абактардын биринде каза болгон оппозициячыл Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная маркум күйөөсүнүн ишин улантарын билдирди.

Ал кечээ, 19-февралда Алексей Навальныйдын Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, күйөөсүнүн өлүмүнө Орусиянын президенти Владимир Путинди айыптады. Ошондой эле анын мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун билерин, анын баары жакын арада ачыкка чыгарын айтты.

«Путин карапайым Алексей Навальныйды өлтүргөн жок, ал муну менен бирге биздин үмүттү, биздин эркиндикти, биздин келечекти кошо өлтүрүүнү көздөгөн», — деди Навальная.

Аны менен бирге согушка, коррупцияга, адилетсиздикке каршы биргеликте күрөшүүгө чакырык таштап, күйөөсү эңсеген эркин, тынч, бактылуу Орусияда жашоону каалай турганын билдирди.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 2021-жылы январь айында камакка алынган. Ал «Ив Роше» иши боюнча алгач тогуз жылга эркиндигинен ажыраган.

Өткөн жылдын 4-августунда Навальныйды иши кайра да каралып, «экстремизм менен алектенген уюмду негиздеген жана каржылаган» деген айып коюлуп, жаза мөөнөтүнө дагы он жыл кошулган.

Алексей Навальныйдын 16-февралда абакта көз жумганын жакындары социалдык тармактарга жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM