Биз менен байланышыңыз

«Жер сатууда ортомчу болгон» шектүүнүн 35 мүлкү камакка алынды (видео)

Кыска кабар | 19 Фев 2024 | 160 | 0

«Коррупция» беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 мүлк камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтүндө жер тилкелери мыйзамсыз сатылганын аныктап чыгышкан.

Алгачкы иликтөөдө Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер көрсөтүлсө, андан аркы текшерүүдө 293-контурда да ушундай эле мыйзамсыз жер берүүлөр болгону тастыкталган.

2016-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта Новопокровка айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери «айылдык кеңеш отурум өткөрдү» деген жалган протокол даярдашып, айтылган контурлардагы айыл чарба жерлерин турак жай тилкелери категориясына мыйзамсыз которушкан. Анын кесепетинен учурда эки контурдагы 20 гектар жер жеке адамдардын колуна өтүп кеткен.

Бул материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен иш козгоп, шектүү катары «Кадастрдын» мурдагы эки жетекчиси, Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары, ишке катышы бар башка адамдар, анын ичинде «жер сатууда ортомчулук кылган» деген шек менен 1982-жылы туулган К.Н. камакка алынган.

Маалыматтарга караганда, К.Н. эч жерде иштебейт, жер сатуу боюнча ортомчулук менен алектенип жан багат. Өзүнүн жана туугандарынын атына 35 мүлк катталган. Алардын ичинде Toyota Land Cruiser, Hyundai Tucson, Nissan, Honda Stepwgn унаалары, Ысык-Көлдөгү «Русалка» дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору, «Падышах» рестораны, Чүйдөгү «Дельфин» мончосу да бар.

Натыйжада шектүү К.Н.га байланышкан мүлктөрдүн баары камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM