Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте спорттун түрлөрүнөн 5 дүйнөлүк чемпионат өтөт

Кыска кабар , Спорт | 16 Фев 2024 | 430 | 0

2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт:

  • 21-февралдан 26-февралга чейин 19 жашка чейинки балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты;
  • 26-февралдан 3-мартка чейин бильярд боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпионаты;
  • 10-марттан 16-мартка чейин «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты;
  • 23-марттан 1-апрелге чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты;
  • 25-марттан 30-мартка чейин угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча Дүйнө чемпионаты;
  • 11-апрелден 16-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;
  • 19-апрелден 21-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул спорттук иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдар тиешелүү иш-чараларды өз убагында жана толук ишке ашыруусу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM