Биз менен байланышыңыз

Ата-энесин карабагандар мураскорлуктан ажыратылабы?

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 244 | 0
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ата-энесин карабай же карылар үйүнө таштап кеткен балдарды мураскорлук укугунан ажыратуу мыйзам долбоорун сунуштады.
Ага ылайык, кеминде беш жыл камкордугуна алып караган баласы биринчи кезекте мураска ээ болот. Максаты — балдарды улгайган ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттендирүү жана мурасты адилетүү бөлүштүрүү.
«Мисалы, төрт бир тууган, бирок өздөрү эмес, аялдары соттошкон учурлар болгон. Эгерде атасы каза болсо, энеси карылар үйүнө жеткирилет да, балдары мурасты бөлүшө башташат. Улгайган кезинде балдары карабаса керээз боюнча да, мыйзам боюнча да мурастоо укугунан ажыраттуу долбоордун негизги бөлүгү. Кыргыздардын салты боюнча ким карыган ата-энесин караса, мүлкү ошого же керээз калтырган адамга берилет. Эгер жок болсо, анда бардыгы кичүү уулуна өтөт», — деп жазылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM