Биз менен байланышыңыз

Чек ара жаңжалында өрттөлгөн тоок ферма ишке кирди

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 335 | 0

2022-жылдын сентябрында чек арада орун алган каргашалуу окуя учурунда ишкер Матиса Надыров каза болуп, анын тоок фермасы өрттөлгөн.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Акылбек Жапаров бул үй-бүлөдөн кабар алып, министрлер кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн. сом насыясы жоюлган. Ал эми анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн. сом жеңилдетилген насыя берилген.

Натыйжада Адилет Абдувалиев ферманы бир жыл ичинде куруп бүткөрүп, ишке киргизди.

Учурда 15 жаңы иш оруну түзүлүп, фермада 40 миң тоок бар. Күнүнө 35 миң даана жумуртка алынууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM