Биз менен байланышыңыз

Күйүк алып Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы айтылды

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 378 | 0

Бишкек ТЭЦиндеги аварияда жана кулаган тик учактан жаракат алган төрт кыргызстандык Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантып жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда бейтаптар реанимацияда, пландуу операциялар жасалып жатат. Алардын жанында жакындары бар.

Мекемеден Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам берип, дарыгерлер менен тынымсыз байланышта экенин кошумчалашты.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан беш киши жаракат алган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM