Биз менен байланышыңыз

Бишкекте “Кичинекей окурман” фестивалы өтөт

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 124 | 0

Бишкек шаарында алгачкы жолу балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өтөт.

“Кичинекей окурман” фестивалынын максаты балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгү жана баланын интеллектуалдык жактан өнүгүү темаларына арналып, атайын түзүлгөн аянтчаларда таанытмалар жана панелдик талкуулар менен коштолот.

Программанын алкагында балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары жана чыгармачылык зоналары менен камсыздалат.

Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу максатында жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен ишке ашып жаткан алгачкы долбоор болуп саналат.

Фестиваль 18-февралда Чыңгыз Айтматов проспекти 1/1 дарегиндеги “Сейтек STEM” мектебинде саат 10:30 башталып, 16:00 чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM