Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров түркиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 10 Фев 2024 | 100 | 0

Түркияда расмий сапар менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумунун жыйынтыгы боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Анда минкаб төрагасы Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт, — деп билдирди.

«Учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинде турат, бул өз кезегинде биздин мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жактан кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын ачат деп ойлойм.

Мындай иш-чаралар эки өлкө үчүн маанилүү, анткени биргелешкен аракеттер менен гана сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, анын ичинде ишканаларды түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана жалпы экономикалык долбоорлорду ишкеашырууга багытталган «- деп кошумчалаган.

Жыйында Кыргызстан айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайларын камтыган ар түрдүү тармактарда кызматташууну түркиялык ишкерлерге сунуштаган.

Аталган бизнес-форумга Кыргызстан барган ишкерлер да катышып, жыйынтыгында алар бир катар контракттарга кол коюлду.

Өз кезегимде, биз түрк инвесторлорунун бардык демилгелерин колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярдыгыбызды билдирем.

Мындан тышкары, Комиссиянын жыйынтыгында 2024-2025-жылдарга эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгын илгерилетүүгө «Жол картасы» боло турган жаңы Иш-чаралар планына кол коюлду. Ошону менен бирге, энергетика жана транспорт тармактарында эки тараптуу документтерге кол коюлду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM