Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Свердлов райондук прокуратурасына жаңы имарат салынды (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Фев 2024 | 113 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.

Президент салтанатта кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин айтып, коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукка так көзөмөл кылуу прокуратурага коюлган негизги талап экенин белгиледи.

«Тилекке каршы, республика боюнча Союздан калган административдик имараттардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги жеткен, ал эми жаңы кызматтык турак жайлар салынбай келген. 2021-жылдан баштап, бул жагдайдан чыгуу максатында тынымсыз көрүлгөн аракеттердин натыйжасында бир катар объектилердин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди», — деди мамлекет башчысы.

Ачылыштан кийин Президент үч кабат имараттын ичин кыдырып, «Ардактуу коноктор» китебине каалоо-тилегин жазып, кызматкерлер менен баарлашкан.

Президенттин берген маалыматына таянып айтсак, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор, Чоң-Алай райондук, Талас облустук прокуратураларына, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жаңы имараттар салынган. Андан тышкары көптөгөн имараттар оңдоодон өткөрүлгөн.

Быйыл Нарын облустук жана Нарын райондук прокуратураларына жаңы имарат салына баштайт. Ага мамлекеттик казынадан тиешелүү акча бөлүнгөн.

Аны менен катар Талас, Баткен, Нарын облустарынын, Кочкор, Кемин, Талас, Бакай-Ата, Чоң-Алай райондорунун, Талас шаарынын прокуратура кызматкерлерине 75 турак жай курулган. Учурда Бишкек шаарындагы прокуратура кызматкерлери үчүн 400 батирлүү турак жай курулуп жатат. Ал ипотекалык насыя программасынын алкагында берилет.

Булардан тышкары Ысык-Көлдөгү «Күн чубак (Солнышко)» пансионаты Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлгөн. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Быйыл Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун XXII отуруму, Түрк мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун III отуруму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM