Биз менен байланышыңыз

Интерпол издеп жүргөн адам Бишкектен кармалды

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 154 | 0

Кыргызстандын милиция кызматкерлери Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган адамды Бишкектен кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгы Интерпол эл аралык уюму менен биргеликте качып жүргөн адамдын жүргөн жерин аныктоо иштерин жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдамчылыкка айыпталып издөөгө алынган Түркиянын 1987-жылы туулган жараны Ш.О. Бишкектен колго түшкөн.

Маалым болгондой, бул адамды Түркиянын укук коргоо органдары 2021-жылдан бери издеп келишкен.

Учурда кармалган адамды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү маселелери иштелип жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM