Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Баатыр энелерге орден-медалдары тапшырылды

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 182 | 0

Бишкек шаарындагы акимчиликтерде көп балалуу апаларга «Баатыр эне» ордени, «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май районунда 17 апага «Баатыр эне» ордени, 13 апага «Эне даңкы» медалы берилген;

Октябрь районунда 4 апага «Баатыр эне» ордени, 7 апага «Эне даңкы» медалы берилген;

Свердлов районунда 14 апага «Баатыр эне» ордени, 23 апага «Эне даңкы» медалы берилген;

Ленин районунда 37 апага «Баатыр эне» ордени, 16 апага «Эне даңкы» медалы берилген.

«Баатыр эне» ордени 7 же андан ашык бала төрөп, аларды тарбиялап өстүргөн апаларга, ал эми «Эне даңкы» медалы алты бала төрөгөн апаларга жана жетим, майып балдар үйлөрүндө он беш жылдан ашык иштеген аялдарга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM