Биз менен байланышыңыз

Анкара шаарында Кыргызстан-Түркия өкмөттөрүнүн кеңешмеси өтөт

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 171 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-февралдан 10-февралга чейин Түркиянын борбору Анкара шаарына расмий сапар менен барат.

Сапардын алкагында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын XI жыйынына катышат.

Аны менен катар мамлекеттик органдардын башчылары, бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Андан тышкары Кыргыз-түрк бизнес форумуна катышып, Түркиянын бизнесмендери менен баарлашат.

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалар менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM