Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги базарлардын жетекчилиги онлайн салык боюнча окуп жатышат

Кыска кабар | 7 Фев 2024 | 189 | 0

Бишкек шаарындагы базарлардын жетекчилиги онлайн салыктык кызматтарды пайдалануу жаатында окуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алгачкы окутуу «Дордой» базарында эмгектенгендерге өткөрүлгөн. Аларга салык органдарына барбастан, «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу электрондук патент алуу, мөөнөтүн узартуу шарттары, бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу «жеке кабинетке» кирүү жолдору боюнча маалымат берилген. 

Аны менен катар Мбанк жана MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент алуу түшүндүрүлгөн.

Айта кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тарта патент токтотулат. Ал күнгө чейин соодагерлер тийиштүү салык төлөмүн тандашы керек.

Стратегиялык жайлар «Дордой», «Кара-Суу базарларында эмгектенгендер үчүн өзгөчө режимдеги салык каралган. Башка базарларда жана кичи базарларда соода кылгандар үчүн бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн система каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM