Биз менен байланышыңыз

Кочкордогу базаркомдун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылды

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 288 | 0

Кочкор районундагы «Болот» кийим-кече базарынын кожоюнунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ушул жылдын январь айында сатуучуларга түзүлгөн шарттарды текшерүү чараларынын алкагында айтылган базардан алдамчылык фактылары табылган.

Базардын кожоюну сатып алуу-сатуу келишимин түзбөй туруп, 40 тонналык контейнердин төрттөн бирин соодагерлерге 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин саткан. А бирок сатуу келишими бар экенине карабай, ар кандай шылтоолор менен соодагерлерден ижара акы алууну уланта берген.

Андан тышкары контейнерлер бош туруп калган учурда да ижара акы өндүрүп алып турган. Андан кийин «карызын топтоп жатат» деген шылтоо менен соода күркөлөрдү тартып алып, өзүм билемдик менен башкаларга сатып же ижарага берип келген. Сатуучулар даттанууларына орой, коркутуп-үркүткөн жоопторду алышкан.

Аны менен катар базарда тиешелүү шарттар түзүлбөгөнү, айрым оңдоп-түзөөлөр сатуучулар топтогон кошумча каражаттын эсебинен жасалып келгени аныкталган.

Бул фактылар боюнча базардын кожоюнуна Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, 2-февралда  үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүүдө мыйзамсыз сакталган МП-155 үлгүсүндөгү мылтык жана анын октору, Калашников автоматы жана анын 5х45 калибрдеги ок-дарысы, ИИМдин кызматкери экенин билдирген 2 күбөлүк, Кочкор айылдык кеңешинин депутаты экенин билдирген 1 күбөлүк, ИИМде катталган «Тойота Ленд Крузер» унаасынын жана базардын документтери табылган.

Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Райондун борбору Кочкор айылынын чок ортосунда, кан жолдун боюнда жайгашкан бул кийим базардын кожоюну Бейшенбеков Болот аттуу адам экени маалым.

«Болот» базары жана анын кожоюну

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM