Биз менен байланышыңыз

Өзгөндүн мергенчилерине 12 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 208 | 0

Өзгөн районунда курал колдонууга уруксат алган мекемелер, мергенчилер, курал саткан дүкөндөр текшерилгенин Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Райондук милиция мергенчи катары каттоодо турган 236 адамдын, 1 дүкөндүн, 2 күзөт мекемесинин, 2 өндүрүштүк жардыргыч заттарды сактаган кампанын документтерин карап чыгып, курал сактоо шарттары менен таанышкан.

Натыйжада курал сактоо жана кайра каттатуу эрежелерин бузган 6 адамга Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери менен протокол түзүлүп, 12 миң сом айып салынган.

Аны менен катар сактоо шарттарын бузган 2 адамдын куралын милиция кызматкерлери «маселе чечилгенге чейин» деген шарт менен бөлүмгө алып кетишкен.

Курал-жаракты мыйзамсыз саткан, сактаган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 267-268-беренелеринин негизинде жоопко тартылат. Куралын ички иштер органдарына өз ыктыяры менен өткөрүп бергендер бул жазадан бошотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM