Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мушкер Испаниядагы мелдеште алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 5 Фев 2024 | 397 | 0

Кыргызстандык мушкер, бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 3-февралда жыйынтыкталды.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалдык беттеште швейцариялык, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык мушкерди жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште Малиден келген мушкерди утуп чемпион болду.

Буга чейин кыргызстандык боксчулар Сагын Сатыбалды уулу аталган мелдеште коло, Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM