Биз менен байланышыңыз

«Насыя баарына жетпейт». Төрөбаев дыйкандарды кооперативдерге биригүүгө чакырды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 380 | 0

Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу парламенттин 1-февралдагы жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

«Насыя баарына жетпейт, ачык айтайын. Бизде 500 миң дыйкан бар экен. Бир гектар жердин ээси да дыйкан экен, бирок баарына жетпей жатат. мен муну көзөмөлгө алам. Насыя ала тургандардын тизмесине жаңы ысымдар, мурда ала электр киришин көзөмөлгө алабыз» , — деди Төрөбаев.

Ал дыйкандар кооперативдерге кошулса, насыя берүү оңой болорун белгилейт. Ошондой эле кооператив түзгөндөргө жеңилдетилген насыя, кредиттик керектөө кооперативдери, лизинг, суу, жер семирткичтер берилерин айтты.

Төрөбаев мындан тышкары, дыйкандарга насыя берүүнүн башка ыкмасын карап чыгуу керектигин, банктар талаптарын күчөтүп жатканын моюндады.

Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилет. Буга чейин насыя алгандар жаңы долбоордон насыя ала албайт, жаңы фермерлерге гана берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге былтыр 3,3 млрд сом насыя берилген.

Copyright © 2017 Maral FM