Биз менен байланышыңыз

Бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операциянын алгачкысы жасалды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 455 | 0

Бүгүн, 1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөктү алмаштыруу боюнча акысыз операциянын алгачкысы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

22 жаштагы кыздын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын министр Алымкадыр Бейшеналиев жана эки хирург, бир анстезиолог, эки анестезист, эки медайым жасаган. Кызга өзүнүн атасы донор болгон.

Алгач донордун бөйрөгүн алууга эки саат, кайра аны бейтапка салууга эки саат убакыт кеткен. Учурда экөөнүн тең акыбалы жакшы экени айтылды.

Бейтаптар эки-үч күн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин карамагында болушат, андан кийин палатага которулушат.

Айта кетсек, Министрлер кабинети 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу операциясын жасоо үчүн бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM