Биз менен байланышыңыз

Мындан ары Европада соттолгон жаран Кыргызстанга которула алат

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 137 | 0

Президент Садыр Жапаров «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алган.

Мыйзамда Кыргызстан менен Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соттолгон адамдарды бири-бирине өткөрүп берүү маселелери каралган. Мунун максаты жазык-укук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Конвенциянын талаптарына ылайык, Кыргызстан Европада сот жообуна тартылган жарандарынын ишинин адилет каралышын көзөмөлдөй алат. Ал эми соттолгон адамды өткөрүп алуу айыптуунун өзүнүн, ошондой эле кызыкдар мамлекеттин макулдугу менен ишке ашат. Соттолгон адам жарандыгын алган өлкөгө гана өткөрүлүп берилет.

Конвенция боюнча ар бир мамлекет өзүнүн Башмыйзамына же башка мыйзамдарына ылайык ырайым кылат, мунапыс берет же жазаны жеңилдетет. Өкүм чыгарган мамлекет гана соттун чечимин карап чыгуу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM