Connect with us

Ташиев жер титирээрин эскертүүдө жасалма интеллектини колдонууга чакырды

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 266 | 0

Бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап техникаларды тапшыруу салтанаты өттү.

Анда сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев  жер титирөө боюнча кеп козгоду.

Камчыбек Ташиев жакында эле болгон жер титирөө учурунда Android платформасындагы телефондорго эрте билдирүү келип, бирок ал жаңы телефондорго келбегенин эскертип, бул жаатта жасалма интеллект менен иштөөгө чакырды.

«Жакында жер титиреди, Бишкекте 4,5 баллга чейин жеткени белгилүү. Санариптин жардамы аркылуу Android платформасындагы уюлдук телефондорго бир минута эрте билдирүү келип, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандардын тышка чыгуусуна мүмкүн болду. Бирок ошол эле учурда iPhone сыяктуу акыркы үлгүдөгү телефондорго билдирүүлөр келген жок. Ошондуктан ӨКМдин санариптик кызматы жасалма интеллектинин бардык мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда иштеп турушу үчүн тиешелүү компаниялар менен иштерди жүргүзөт деген ойдомун», — деди Ташиев.

Эске салсак, 22-январдан 23-январга караган түнү саат 12:09да Кыргызстанда жер титиреген. Силкинүү очогу Кытай менен Кыргызстандын чек арасында болуп, күчү 6,7 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Кумтөрдө 6 баллга, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында, Бишкек шаарында 4,5 баллга, Нарын шаарында 4 баллга жеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM