Connect with us

Эл аралык рейтинг: Кыргызстанда коррупция кайра күч алды

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 302 | 0

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы коррупциянын дүйнөлүк индексин сайтына жарыялады. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 26 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга жайгашты.

Эске салсак, Кыргызстан 2020-жылы 31 упай алып, 2021-жылы 27 упай алып, 144-орунду, 2022-жылы 27 упай алып, 140 орунду ээлеген.

Transparency International эл аралык уюму 1995-жылдан бери мамлекеттердеги коррупция боюнча изилдеп, индексин чыгарып келет.

Кыргызстан 1999-жылдан тарта кошулуп, ал жылы 22 упай алып, 99 мамлекеттин ичинен 87 орунду ээлеген. Ортодо 3 жыл иликтенбей калып, 2004-жылдан тарта кайрадан туруктуу изилдене баштаган.

Кыргызстан ошондон бери 30 упайга бир эле жолу жеткен. Ал коррупция индексинин жогору экенин билдирери уюмдун маалыматында айтылат.

Коррупция индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Бул жылы 90 упай алган Дания, 87 упай алган Финляндия, 85 упай алган Жаңы Зеландия, 84 упай алган Норвегия, 83 упай алган Сингапур коррупциясы аз өлкөлөрдүн алдыңкы бештигин толуктады.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча Казакстан 39 упай алып, 93-орунга жайгашса, Өзбекстан 33 упай алып, 121-орунду ээлеген. Ал эми Тажикстан 20 упай менен 162-орунду, Түркмөнстан 18 упай менен 171-орунду алган.

Copyright © 2017 Maral FM